Киришүү
Мектеп бир окуу корпусунан турат.
Корпус: Дубалы жыгач, бир кабаттуу. 1978-жылы курулган.
Мектептин жалпы аянты-1,58га
Менчиктин түрү- Муниципалдык Билим берүү уюмунун статусу- М.В.Фрунзе атындагы №26 жалпы орто билим берүү мектеби
ИНН- 02011200310140
Проект боюнча канча окуучуга ылайыкталган — 225 окуучуга ылайыкталган.
М.В.Фрунзе атындагы №26 жалпы орто билим берүү мектеби – 20.11.2003-жылы юридикадык жактан
мамлекеттик кайра каттоо жѳнүндѳ №0005618 каттоо номери менен Ысык-Кѳл облусттук юстиция башкармасы тарабынан катталган.
Юридикадык жактан мамлекеттик кайра каттоо жѳнүндѳгү күбѳлүктүн номери— 96090-3302-У-е
Мектептин директору – Алиева Айнура Кенешбаевна 0553340441 [email protected]
Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары- Баембаев Керим Нурдинович 0700766166 [email protected]
Уюштуруучу- Китатов Калыбек Касымович- 0500198506 [email protected]
Соцпедагог-Сармолдоева Лилия Бексултановна -0708761311 [email protected]
Ата-энелер комитетинин торайымы- Амриева Эльнура — 0702487300
Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Түп району, Ак-Булуң айылөкмөтү, Фрунзе айылы. Садыбекова 24
Электрондук дареги: [email protected]
Бардык окуу предметтеринин компоненттери мамлекеттик программанын негизинде камсыздалган. Бардык предметтер базистик окуу планынын негизинде календарлык-тематикалык пландарды пландаштырып, иш алып барылды..
2016- 2017 – окуу жылынан тартып, башталгыч класстар жана 5,6-класстар мамлекеттик стандарттын негизинде предметтик компетенттүүлүк менен окутулууда. 2018-2019-окуу жылында 7-8-класстарда негизги предметтер предметтик стандарт боюнча , 2020-2021-окуу жылында 9-класста математика, тарых, физика предметтерине предметтик компетенттүүлүк кирген. Билим берүү боюнча коюлган максаттар жана алардын жыйынтыгы стандартка дал келет.
2021-2022-окуу жылы γчγн базистик окуу планы:
КРнын Ѳкмѳтγнγн«Кыргыз Республикасынын мектептеги жалпы билим берγγсγнγнγн мамлекеттик билим берγγ стандарттарын бекитγγ» жѳнγдѳгγ 2014-жылдын 21- июлундагы №403 жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 1995-жылдын 31-сентябрындагы «Билим берγγ мекемелеринин болжолдуу типтγγ штаттарын бекитγγ жѳнγндѳгγ» 1995-жылдын 30- сентябрындагы №404 токтомдоруна ылайык иштелип чыккан.
Базистик окуу планы билим берγγнγ ар бир баскычы γчγн сааттарды бѳлγштγрѳт. Билим берγγнγн ар бир баскычы γчγн жумалык(апталык) окуу жγктѳмγ жана чектелген (жыйынтыкталган) окуу жγктѳмγ Мамлекеттик стандарт боюнча аныкталат.
Окуу программасы Мамлекеттик стандартка дал келет.
Кыргыз тилинде окутуучу жалпы орто билим берүү мектеби үчүн 2021-2022-окуу жылынын базистик окуу планы төмөндөгүдөй болуп 2021-жылы 20-августа №1460/1 «Кут билим» газетасына Билим беруу жана Илим министрлиги тарабынан бекитилип, чыгарылган.
Мектеп компоненттери (5,6- класстарда), кызыктар тараптардын талабына ылайык, орус тили предметине болунуп берилди.
1-класстан-9-класска чейин 1ден класс комплект болуп,айрым класстарда окуучулардын саны 20-25 окуучуну түздү.
Базистик окуу планынын тушундурмо катына ылайык орус тили, чет тили, информатика предметтеринен тайпаларга болунуп окутулду.
Жалпы жумалык жуктом -240 саатты тузду.
Окуу жылынын аягында окуу программасы толугу менен аткарылды.
1.Китепканада китеп ресурстары боюнча толук маалыматтар бар.
Окуу-усулдук материалдар: окуу китептери, бардык сабактар боюнча дидактикалык материалдар, справочниктер, энциклопедиялар, физика, химия боюнча маселелер жыйнагы,таблицалар, предметтер боюнча тесттер, сабактар боюнча окуу –усулдук жыйнактары бар.
Окуучулардын китеп менен камсыз болушу
2018-2019-окуу жылында-61,5%
2019-2020- окуу жылында -71%
2020-2021-окуу жылында-72,5%
2021-2022-окуу жылында-74,5%
2022-2023-окуу жылында-76,2%
Жетишпеген китептер ата-энелер тарабынан жана китепканачы тарабынан жакынкы мектептерден акт түзүү жолу менен камсыздалат.
Китепканада жалпы-1217 китеп бар,1-10 класстар — 76,2% камсыз болду,анын ичинен 991 окуу китептери колдонулат.
Билим берүү министрлиги тарабынан 805 көркөм-адабий китеп,»Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негизинде айыл тургундарынан 175 адабий китеп чогулду.
Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу
Билим берүү уюму тууралуу керектүү маалыматтар сайттарда, инстаграм баракчасында жайгаштырылат. Атайын жооптуу адам иш алып барат. Жетишсиз китептерге табыштама берет. Форум, жыйналыштарда талкууланат. Ата-энелер комитети жергиликтүү кенеш, камкордук кенеш, бюджеттик угуулар колдонулат.
Күчтүү жактары:1.Педжааматтын потенциалынын компетенттүүлүгү жана билимдүүлүгү.
2.Мектепти өнүктүрүүдө кошумча каражаттардын тартылышы.
3.Мугалимдердин толук жүктөм менен камсыз болушу.
4.Мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуусу(курстар,семинар-тренингдер,конкурстар ж.б)
Алсыз жактары:1.Методикалык колдонмолордун аздыгы.
2.Компьютердин жоктугу.
3.Окуу китептердин жетишсиздиги.
4.Камкордук кенештин иштебегендиги,ата-энелердин мектепке толук тартылбаганды жана кызыкпагандыгы.
5.окуучулардын билим алууга умтулбагандыгы.
Сунуштар:1.Ар кандай долбоорлорго активдүү катышуу мүмкүнчүлүүгү.
2.Кошумча материалдык каражаттарды табуу.
3.Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуусу(курсттар,семинар-тренингдер,конкурстар ж.б)
4.Мектептин өнүгүүсүнө багытталган иш чаралар.
5.Социалдык өнөктөштүк
6.Окуу тарбия иштеринде жаңы технологияларды колдонуу мүмкүчүлүгү.
Педагогикалык жамааттын кесиптик денгээлин өнүктүрүү, жамаатташып, ынтымакта жана жемиштүү иштөөгө үндөө.
а)өспүрүмдөрдү мектептеги коомдук иштер менен камсыздоо
б)коомдо бала өз жашоосун өзү жөндөй ала турган жеке өзгөчөлүгүн өстүрүү
в)жоопкерчиликтүү өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо
г)окуучуларды өз оюн тайманбай жеткиликтүү айтууга, оратордук искуствого, мекенчилдикке үйрөтүү.
Календарлык- тематикалык пландын негизинде мугалимдер өндүрүштүк пландарды пландаштырууда окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруучумаксаттарды конкреттүү коюшат. Сабактардын максаттарын коюудамугалимдин жана окуучунун иш- аракети айкалышып, күтүлүүчү натйыжа компетенттүү окутуунун жыйынтыгына багытталат.
Календарлык- тематикалык пландар мамлекеттик стандарттын негизинде түзүлүп, окуу бөлүмүнүн башчысы аркылуу текшерилип, директор тарабынан бекитилди .
1.Мугалимдер окутуу тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуп сабактарды өтүштү.
2.Мугалимдер компьютер менен 80% иштей алат;
-Компьютер,телевизорду сабактарда төмөнкү предметтер колдонушат:
1 | Математика |
2 | Орус тили жана адабият |
3 | Англис тили |
4 | Кыргыз тили |
5 | Биология |
6 | Геграфия |
7 | Тарых |
3.Окуучулар өз алдынча интернеттен сабактарга даярданышат жана анализдешет;
4.Мектепте мугалимдердин жеке ноутбуктары интернетке туташылган;
5.Сабактарда интерактивдүү,традициялык эмес ыкмаларды пайдаланышат;
6.kahoot,goohle test жана башка программаларды пайдалануу менен тесттин түрлөрү менен иштешет.
Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу
Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу
Сабакты окуутунун натыйжаларын баалоо, окутуунун максаттары (күтүлүүчү натыйжалары), методдору жана формалары менен тыгыз байланыштуу. Баалоонун максаты – окутуунун фактылык натыйжалары күтүлүүчү натыйжа менен дал келүүсүн аныктоо. Окуучунун окуу ишмердүүлүгүн баалоодо мугалим окутуу усулдары менен формаларына ылайык баалоонун ар түрдүү усулдарын пайдаланат.
Мисалы: өзүн- өзү баалоо, жекече баалоо, топто, жупта баалоо, ж.б жыйынытыктоочу баалоону мугалим коет.
Баалар класстык журналдарга түшүрүлүп, чейректер чыгарылды. Окуучулардын күндөлүктөрүнө, өздүк делолоруна коюлду. Педагогикалык кенеште окуучулардын билим сапатынын мониторингдери каралды.
Ата- энелер жыйналышында окуучулардын жетишкендиктери тааныштырылды.
Жылдын жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар, райондук администрациянын, айыл өкмөттүн, мектептин Ардак грамоталарына жана акчалай сыйланышты.
Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу
Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу
БИИнин кызматкерлери менен жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, мектеп рэкетинин, зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат.
М.В.Фрунзе атындагы №26 жалпы билим берүү мектебинде бир даана ишеним кутучасы бар. Окуучулардын мектеп ичиндеги ар кандай укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун жана бири-бирине үстөмдүк кылууну ачык жеткизе албагандыктан ишеним кутучасы колдонулат. Ал жумасына бир жолу соц педагог тарабынан текшерилип турат.
Мектепте төмөндөгү ийримдери иштейт.
№ | Ийримдин аталышы | Жетекчиси |
1 | «Умелые ручки» | Садыбекова Б.А |
Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу
Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу
Атуулдардын арыздары жана аларды кароого байланышкан документтер (иш номенклатурасы)
Ар жуманын шаршемби күндөрү ата-энелер үчүн «Ачык эшиктер» күнү каралган.
Арыздарды, кайрылууларды каттоо журналы бар.
Мектеп администрациясынын кызыкдар тараптардын кайрылууларын, арыздарын кабыл алуучу иш убактылары бекитилген.
Келип түшкөн кайрылуулар, арыздар журналга катталып, 14 күндүн ичинде каралып, кызыкдар тарапка жооптор берилет.
Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы
2017-2018-окуу жылынан баштап 2021-2022-окуу жылына чейинки 5 жылдык жалпы билим сапаты: чейректик отчеттор, административдик тесттер, чейректик текшерүү иштери, лабораториялык, практикалык иштер, бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациялоосу, предметтик олимпиадалар, ЖРТ, башка билим борборлору тарабынан жүргүзүлгөн олимпиадалар(Сапат, Билимкана, Улуттук тестирлөө) боюнча жүргүзүлдү.
Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү
Педагогикалык ишке жогорку билими диплом менен тастыкталган жана дал келген квалификациясы бар. Мектептин мугалимдер жамаатынын толукталышы Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинде жана анын уставында бекитилет. Ар бир окуу жылынын башында педагогикалык жамаат, окуутучу- көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналдар мед кароодон өтүшүп, медициналык китепчелерге ишке жарамдуулугу тууралуу уруксаат берилгенден кийин ишке кабыл алынат. Педагогикалык ишке соттолгон, медициналык жактан ишке жарамсыз жаран кабыл алынбайт. Мугалимдердин эмгек келишими Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин негизинде түзүлөт. Педагогикалык окуу жүктөмүнүн көлөмү окуу сеткасына ылайык жана педагогикалык кадрлардын толукталышына ылайык.
Мектепте 19 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 10 класс жетекчи , 1 соц педагог, 1 уюштуруучу иштейт. Жаш мугалим 1, пенсиядагы мугалимдер 5. Мектепте медициналык кызматкерлер, психологдор, логопеддер жок. Учурда иштеп жаткан мугалимдердин ичинен «Билим берүүнүн мыктысы» — 4 мугалим. «Профсоюздун отличниги» — 1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин грамотасы менен мугалим сыйланган.
Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
Профилактикалык кенеш
Профсоюздук кенеш
Балдар кенеши
Кыздар кенеши
Өндүрүштүк чогулуш
ϴрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын иштелип чыккан №1 Пед кеңешмеде бекитилген, баштапкы профсоюз уюму менен макулдашылган кɵрсɵтмүнүн негизинде иш алып барылат. Мектепте өзгɵчɵ кырдаал учурунда пайдалануучу эвакуациянны планы Түп райондук ϴКМнын башчысы Б. Казакбаев менен макулдашылып, директор тарабынан бекитилген.Эмгекти коргоо боюнча докладдар окулат. Окуу-семинарлары уюштурулуп, инструктаж ɵткɵрүлɵт. Класстык бɵлмɵлɵрдɵ коопсуздук эрежелеринин кɵрсɵтмɵлɵрү жана класстык бɵлмɵнүн температурасын ченɵɵчү термометрлер илинген.
Окуу кабинеттеринин жана башка кабинеттер санитардык – гигиеналык талаптарга жооп берет. Окуу процессин уюштурууда техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча профсоюз комитети менен макулдашылган. Ар бир класста термометрлер илинген. Мектепте коопсуздукту сактоо боюнча жооптуу адамдар бекитилген Окуучулар өзүлөрүн мектептин эрежелерине ылайык үлгүлүү алып жүрүшөт. Окуучулар арасында техникалык коопсуздук эрежелерин сактап, өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо мугалими Балтакунов Н.А.“Куткаруучулар ”, тобун түзүп, машыгууларды өткөрүп турат. Башталгыч жана жогорку класстарда өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча сабактар өтүлүп, окуучуларга кеңири түшүнүктөр берилип турат. Окуучулар өзгөчө кырдаалдар учурунда кайсы номерге кайрыла тургандыгын билишет.
Купуя кутуча маалыматтарды каттоо
Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу
Мугалимдердин професионалдык деӊгээли талапка ылайык. Предметтер боюнча мугалимдер жетиштүү, бирок 21% мугалим пенсия курагында. Предметтик мугалимдер курстарга барып, семинар – тренингдерге катышып, өз билимдерин жогорулатып турушат. Газета, журналдарды окуп, интернет булактарын колдонуп, методикалык китептерди колдонуу менен да билимдерин жогорулатышат. Мектепте, атайын мугалимдер үчүн интернети бар компьютердик класс жасалган. Тажрыйба алмашуу максатында райондук, областык деӊгээлдеги семинар – тренингдерге катышышат. Мектеп ичиндеги декадалар, ачык сабактарга жана тегерек столдорго катышышып, методикалык жардам алышат.
Билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасы боюнча маалымат
Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптар сакталат:
Өрткө каршы эвакуациялык пландар, өрт калканычы, өрт өчүргүчтөр, аптечкалар бар;
Санитардык эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер камтылган банерлер жеткиликтүү
жерде илинип турат;
Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери профсоюз тарабынан макулдашылып, директор тарабынан бекитилип, ар бир класс кабинетке илинген;
Коопсуздук эрежелери боюнча инструктаж журналы уюштурулган, лекциялар окулуп, угуучулар тарабынан кол тамгалар коюлуп турат;
Физика, химия, информатика, эмгек сабактары өтүлүүчү кабинеттерде атайын журналдар ачылып, окуучуларга коопсуздук эрежелери тааныштырылып, кол тамгалары коюлуп турат;
Эмгекти коргоо боюнча профсоюз иш алып барат.
Пандемия учурунда COVID -19 инфекциясына каршы күрөшүү алгоритм жөнүндөбуйругу чыгарылган. Окуучулардын, педагогикалык жааматтын, кенже персоналдардын ден соолугуна кам көрүү максатында ар бир класста суюк самындар, кагаз кол аарчылар, антисептиктер коюлган. Ар бири антисептик, маска менен камсыз болушкан.
2018-2019 окуу жылында Россия өлкөсүнөн Олег Зарлыковичдин эмгеги менен Кыргызстанга орус тилдүү 14 мектеп окуу китептери менен камсыздалган.Анын ичинен биздин мектепке 1000 даана «Просвещение 2018″аттуу окуу китептери берилген.
2018-2019 окуу жылында башталгыч класстын окуучуларына Мерсико-комерциялык эмес уюму менен иштеп окуучуларга ысык тамак уюштурулду . Ашканага керектүү каражаттар: нан бышыруучу шкаф, электроплитка, муздаткыч,ашканага керектөөчү шаймандар Мерсико тарабынан берилген. Мындан тышкары айыл өкмөт тарабынан мектеп авариялык абалда болгондуктан,контейнер коюлуп,ашкана катары колдонулуп келүүдө.Тамак-аш блогу демөөрчүлөр тарабынан салынып берилген.Ашкана блогунун ички ремонтуна айыл өкмөт тарабынан акча каражаты каралган.Идиш-аяк айыл өкмөт жана ата-эне тарабынан камсыздалган.Курулуш иштери боюнча мектептин администрациясынын коштоосунда мектеп коллективинин салымы зор.
2020-2021-окуу жылында Мерсико тарабынан
мектептин дааратканасы авариялык абалда болгондуктан,1 402 307 суммасына жаңы даараткана курулуп берилген.Жаңы курулган даараткана 6 очколуу.Даараткана 2021-жылы ишке берилди.
2021-2022- окуу жылында айыл өкмөт тарабынан 218 000 сомго мектептин короосуна арка,жаңы дарбаза салынган.
2022-2023-окуу жылында мектеп директорунун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусунун негизинде 5 компьютер менен камсыздандырылды.
Айыл жаштарынын демилгеси менен 105 000 сомго мектеп ичиндеги электр зымдары жана ашканадагы электр плитасынын жана нан бышыруучу шкафтын ремонт иштери жүргузүлдү.
Айыл өкмөт тарабынан 69 000 сомго мектептин от жагуучу меши алмаштырылды.Окуучуларга спорттук формалар берилди.
Айыл тургундарынын демөөрчүлөрү тарабынан жаңы мектеп ПСДти азыркы этапта даярдалууда.
Айыл жаштар тарабынан жашылдандыруу боюнча 20 түп карагай (сосна) отургузулду.
Ата-эне тарабынан 11 740 сомго окуучуларга костюмдарга (кыргыз,өзбек кийими,жол кыймылынын жаш жардамчысынын кийими) кездемелер сатылып берилип,тигилип даярдалууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2013-жылдын 20-февралындагы №543 токтому менен Түп районундагы Фрунзе айылындагы М.В.Фрунзе атындагы № 26 жалпы билим берүү орто мектебинин Уставы бекитилген.
2003-жылы 20-ноябрындагы №0005618 каттоо номери менен Ысык-Кѳл облусттук юстиция башкармасы тарабынан катталган. Юридикадык жактан мамлекеттик кайра каттоо жѳнүндѳгү күбѳлүктүн номери—96090-3302-М-е
Окуучуларга билим берʏʏдɵ билим берʏʏнʏн сапатын камсыздоо боюнча мектепте окутуунун – тарбиялоонун планы иштелип чыгып миссия, максат коюлуп, 2022-жылдын 05-сентябрында №1 педагогикалык кеӊештин чечими менен бекитилип, Ак-Булун айыл ɵкмɵтʏнʏн башчысы Боттоев Таалайбек Кычыевич менен 2022-жылдын 05-сентябрында макулдашылды. Тʏп райондук билим берʏʏ бɵлʏмʏнʏн башчысы Абдылдаев Сейитбек Нуртаевич менен 2022-жылдын 28-августунда макулдашылган.
Кыргыз тилинде окутуучу жалпы орто билим берүү мектеби үчүн 2022-2023-окуу жылынын базистик окуу планы төмөндөгүдөй болуп 2022-жылы 20-августа №1460/1 «Кут билим» газетасына Билим беруу жана Илим министрлиги тарабынан бекитилип, чыгарылган буйругунун негизинде райондук билим берʏʏ менен макулдашылып, жалпы орто билим берʏʏ окуу планы бекитилди. Билим берʏʏ максаты мамлекеттик стандартка ылайык тʏзʏлгɵн. Окуу жʏктɵмʏ билим берʏʏ программасы боюнча мамлекеттик стандартка ылайык М.В.Фрунзе атындагы №26 жалпы орто билим берʏʏ мектебинин окуу жʏктɵмʏ райондук билим берʏʏ бɵлʏмʏ тарабы менен макулдашылып, №5 буйрук менен 240 саат бекитилген. Мектепте 10 класс комплект бекитилген.
Мектеп орус тилинде окутулат.
-Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 03-сентябрындагы №17 буйругунун негизинде 480 сааттык Мектепке чейинки даярдоо программасы мамлекеттик стандарттын негизинде иш алып барды.
480 сааттык мектепке чейинки даярдоого 1 класс ачылган.
Окуу пландын аткарылышы:
480саат-33жумага чейин;
1-класс-33жума
2-4-класстар-34жума
5-10-класстар-экзамен берүү күндѳрүн эсепке алганда -34-36жума
Сабактардын ѳтүү убактысы: 1-класстарга 40 мүнѳт, 2-11-класстарга 45 мүнѳт окутулат. Мектепте 1-2-кезмет менен окутулат. 1-кезметте 8:00дѳн 13:00 чейин, 2-кезмет 13:30дан 17:45ге чейин билим алышыт. Окуу жылынын ичинде каникулдардын узактыгы 30 календарлык күндѳн кем эмес. Жайкы каникулдун узактыгы 12 календарлык жуманы түзѳт. 1-класстын окуучулары үчүн 3-чейректе кошумча 1жумалык каникул берилет.
Мектептин миссиясы:
Фрунзе атындагы жалпы орто билим берүүчү мекеме болуу менен бирге,башталгыч,негизги жана жалпы билим берүүгө багытталат.
Окуучу окууту процессинин борборунда болуп,окуучу менен натыйжалуу кайтарым байланышты жогорулатып мектеп,ата-энелер жергиликтүү коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта гумандуу,алдын ала ой жүгүртүүчү сабаттуу,жоопкерчиликти сезе билген кыргыз элинин маданиятын,үрп-адатын,каада салтын урматтай турган инсанды тарбиялоо.
Мектептин максаты:
1.Жөндөмдүү балдар менен иштөө,инновациялык усулдарды колдонуу менен билим сапатын 1.5%көтөрүү.Окуучуларды алтын тамга жана ЖРТ,предметтик олимпиадаларга сапаттуу даярдап,көрсөткүчтөрүн жогорулатуу.
2.Кыргыз Республикасынын 2022-2030-жылдарда мектеп окуучуларына жана жаштарга тарбия берүү,окуучу жаштарды руханий адеп-ахлактыкк өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясынын негизинде ата-энелер менен биргеликте иш жүргүзүү,балдарга болгон жоопкерчиликти артыруу;
3.Мугалимдин кесиптик деңгээлин көтөрүү максатында усулдук борбор түзүү жана санариптештирүү.
4.Окуу программасы,сапаттардын бөлүнүшү.
5.Окуучулардын компьютерди пайдалануунун сабатсыздыгын жойу.
6.Физика,химия предметтери боюнча окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү.
Физика,химия лабораториялык куралдар менен жабдуу.
Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын/түзүмдөрдүн болушу
Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү уюмунун көзөмөлчүлүк кенеши жөнүндө типтүү жобонун негизинде мектепте көзөмөлчүлүк кенеш уюштурулган. Көзөмөлчүлүк кенеш типтуу жобого ылайык иш алып барат.
Персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы)
Жааматтык келишимдин негизинде эмгек жааматынын кесиптик жүрүм-турум ченемдери кабыл алынган. Анда негизги моралдык, адеп- ахлактык жүрүм-турум нормалары жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү, социалдык жүрүм- турум эрежеси , мурунтан келе жаткан мектептин кадыр-баркын көтөрүү салтын улантуу жана кийинки муунга өткөрүп берүү каралган.
Окуучулар үчүн коомдук жайларда, мектепте өзүн-өзү алып жүрүүчү жүрүм-турум эрежелеринин нормалары да кабыл алынган . Мектеп ичинде, класстык чогулуштарда, өзүн-өзү башкаруу уюмунун чогулуштарында ички эрежелер каралат.
Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу
Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
Предметтик мугалимдер, класс жетекчилер тарабынан
SWOD анализдер жүргүзүлөт
Усулдук бирикменин жетекчилери усулдук бирикменин ишмердүүлүгүнүнө SWOD анализ түзөт.
Окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана тарбия иштеринин
уюштуруучусу мектептин ишмердүүлүгүнүнө SWOD анализ түзөт.
Анализдердин, маалыматтардын жыйынтыктары директор алдындагы кенешмеде жана педагогикалык кенеште угулат.
Ар тараптуу анализдердин жыйынтыгы менен мектептин иш планына өзгөртүү, түзөтүүлөр киргизилет.
Артыкчылык аттестатка жана ЖРТнын жыйынтыгы менен «Алтын сертификатка » жетишүү , предметтик олимпиаданын областык, республикалык турларынан орун алуу пландалган, бирок ишке ашкан жок. Ошол себептүү мугалимдердин ишин дагы да
жандандыруу, жөндөмдүү окуучулар менен иш алып баруу педагогикалык консилиумдар жана окуучулар менен үзгүлтүксүз иш алып баруу уюштурулууда.
Билим берүү уюмунда билим сапатын жакшыртуу процессине мугалимдер, окуучулар, ата-энелер, администрация,коомчулук кызыктар болушту.Мектептин педагогикалык жамааты окуучуларга сапатуубилим жана тарбия берүүгө аракет кылышты:Билим берүүдө мамлекеттик стандарттын талаптарын эффективдүү ишке ашырышты.Мугалимдердин чыгармачылык өнүгүүсүнө жана инновациялык технологияларды колдонуугашарттар түзүлүп берилди;Мектеп ичинде башкаруу системасынын ишин жакшыртуу;Билим берүү процессинде кадр саясатын оптималдаштыруу;Мектепте мугалимдер арасында атаандаштык менен иш алып барууну жогорулатуу;Мектепти башкарууга коомчулукту тартуу;Мектепте билим сапатын жакшыртуучу негизги факторлор:Билим сапатын жакшыртууда усулдук иштер негизги ролдуойнойт.
Алар:
Мектепте билим сапатын баалоо төмөнкү критерийлердин негизинде жүргүзүлөт:
Административдик тесттер .Билим берүүнүн сапаты (Класс жетекчилердин чейректик
отчеттору, предметтик олимпиадалардын жыйынтыктары, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоонун жыйынтыктары) Мугалимдерин жетишкендиктери Ресурстук камсыздоонун сапаты (кадрлар менен камсыз болушу, материалдык- техникалык базанын чындалышы, усулдук китептер) Уставдын негизинде администрациянын кызматтык милдеттердин натыйжалуу иш жүргүзүүсүн уюштуруу.
Билим берүүнү башкарууну колдонууда маалыматтык системалар бар. «Кыргыз телеком» интернеттери туташтырылган. Интернет 8 компьютерге туташылган. Мугалимдердин жекече электрондук даректери ачылып, иш алып барышат. Мугалимдер «Жаны китеп» , «ИСУО» программасына маалыматтар киргизилген окуучулар, ата- энелер менен — ZOOM ,Classroom, Goolge сервистери, Whatsapp жана Telegramm соц тармактары аркылуу кайтарым байланыш жүргүзүшөт.«Lib.kg», Балажан ,«Ilim Bilim bulagu», “infourok” сайттарын колдонуп,сабактарда пайдаланышат. Өз билимдерин өркүндөтүү үчүн онлайн курстарга катталышып, маалымат булактарынан керектүү маалыматтарды, тесттердин жыйнактарын,методикалык китептерди, окуу китептерди алып пайдаланышат ар кандай сайттарга катталышып, сынактарга катышышып, тесттерден өтүп турушат.
1.Педагогикалык ишке жогорку билими диплом менен тастыкталган жана атайын орто билими бар диплом менен тастыкталган квалификациясы бар, компетенттүү адистер ишке алынат. Мектептин мугалимдер жамаатынын толукталышы Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинде жана анын уставында бекитилет.
Ар бир окуу жылынын башында педагогикалык жамаат, окуутучу- көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналдар мед кароодон өтүшүп, медициналык китепчелерге ишке жарамдуулугу тууралуу уруксаат берилгенден кийин ишке кабыл алынат.Атайын түзүлгөн графиктин негизинде мугалимдер өз билиминжогорулатуучу курстардан өтүп турушат.
Педагогикалык ишке соттолгон, медициналык жактан ишке жарамсыз жаран кабыл алынбайт. Мугалимдердин эмгек келишими Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин №55 беренесинин негизинде түзүлөт. Педагогикалык окуу жүктөмүнүн көлөмү базистик окуу планына ылайык жана педагогикалык кадрлардын толукталышына ылайык бөлүштүрүлөт.
Мектепте 19 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 10 класс жетекчи , 1 соц педагог, 1 уюштуруучу иштейт. Жаш мугалим 1, пенсиядагы мугалимдер 4. Мектепте медициналык кызматкерлер, психологдор, логопеддер жок. Учурда иштеп жаткан мугалимдердин ичинен «Билим берүүнүн мыктысы» —5 мугалим. «Профсоюздун отличниги» — 1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин грамотасы менен 6 мугалим сыйланган.
Штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү
Базистик окуу планынын жана нормативдик ченемдердин негизинде класс комплектиси бекитилди. Мугалимдердин жумалык жүктөмү бөлүштүрүлүп жана такталып штаттык расписание түзүлөт.
Штаттык расписаниенин негизинде мугалимдер тарификациядан өткөрүлөт.
Педагогикалык жааматтын квалификациясы жана билими, билим берүү программасына шайкеш келет.
Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
Ар бир мугалим өз убагында Каракол шаарындагы ОИУнун түзүлгөн графиги боюнча квалификациясын жогорулатуу үчүн курстан өтүп турушат. Андан сырткары райондо өтүлүүчү семинарларга, тренингдерге, мастер-класстарга катышып турушат. Мектептин ичинде декадалар, ачык сабактар, Мастер-класстар, тегерек столдорду өткөзүп турушат жана насаатчылар жаш мугалимдер менен иш алып барышат. Тажрыйба алмашуу максатында мугалимдер өз ара сабакка катышышат.
соцпедагог, профсоюздун иш планы (2)
Насаатчы менен жаш мугалим иштөө планы
Мугалимдерди жана кенже тейлөөчү персоналдын ишин баалоону жана анын жыйынтыгы боюнча чечимдерпедагогикалык кенеште жана өндүрүштүк чогулушта каралат: Анда төмөндөгүдөй критерийлерди эске алуу менен сыйлыкка көргөзүлөт:
Олимпиаданын жыйынтыгы;
ЖРТнын жыйынтыгы
Окуучулардын жетишкендиктери;
Окуу- тарбия иштеринде ар кандай кароо- сынактарга
катышуунун жыйынтыгы;
Административдик талаптардын аткарылуусу;
Административдик эскертүүлөрдү албагандыгы;
Спорттук иш- чараларга катышуусу;
Коомдук иштерге катышуусу;
Аткаруучулук тартиби
Райондук, областык семинарларда, усулдук бирикменин декадаларында, инновациялык мектеп катарында торчо мектептерге өтүлгөн семинарларда ачык сабактардын жогорку денгээлде өтүшү;
Сертификаты и грамоты учителей
Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)
Профилактикалык кенеш
Профсоюздук кенеш
Балдар кенеши
Кыздар кенеши
Өндүрүштүк чогулуш
ϴрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын иштелип чыккан №1 Пед кеңешмеде бекитилген, баштапкы профсоюз уюму менен макулдашылган кɵрсɵтмүнүн негизинде иш алып барылат. Мектепте өзгɵчɵ кырдаал учурунда пайдалануучу эвакуациянны планы Түп райондук ϴКМнын башчысы Б. Казакбаев менен макулдашылып, директор тарабынан бекитилген.Эмгекти коргоо боюнча докладдар окулат. Окуу-семинарлары уюштурулуп, инструктаж ɵткɵрүлɵт. Класстык бɵлмɵлɵрдɵ коопсуздук эрежелеринин кɵрсɵтмɵлɵрү жана класстык бɵлмɵнүн температурасын ченɵɵчү термометрлер илинген.
Окуу кабинеттеринин жана башка кабинеттер санитардык – гигиеналык талаптарга жооп берет. Окуу процессин уюштурууда техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча профсоюз комитети менен макулдашылган. Ар бир класста термометрлер илинген. Мектепте коопсуздукту сактоо боюнча жооптуу адамдар бекитилген Окуучулар өзүлөрүн мектептин эрежелерине ылайык үлгүлүү алып жүрүшөт. Окуучулар арасында техникалык коопсуздук эрежелерин сактап, өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо мугалими Кендирбаев М.Ж “Куткаруучулар ”, тобун түзүп, машыгууларды өткөрүп турат. Башталгыч жана жогорку класстарда өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча сабактар өтүлүп, окуучуларга кеңири түшүнүктөр берилип турат. Окуучулар өзгөчө кырдаалдар учурунда кайсы номерге кайрыла тургандыгын билишет.
2018-2019 окуу жылында Россия өлкөсүнөн Олег Зарлыковичдин эмгеги менен Кыргызстанга орус тилдүү 14 мектеп окуу китептери менен камсыздалган.Анын ичинен биздин мектепке 1000 даана «Просвещение 2018″аттуу окуу китептери берилген.
2018-2019 окуу жылында башталгыч класстын окуучуларына Мерсико-комерциялык эмес уюму менен иштеп окуучуларга ысык тамак уюштурулду . Ашканага керектүү каражаттар: нан бышыруучу шкаф, электроплитка, муздаткыч,ашканага керектөөчү шаймандар Мерсико тарабынан берилген. Мындан тышкары айыл өкмөт тарабынан мектеп авариялык абалда болгондуктан,контейнер коюлуп,ашкана катары колдонулуп келүүдө.Тамак-аш блогу демөөрчүлөр тарабынан салынып берилген.Ашкана блогунун ички ремонтуна айыл өкмөт тарабынан акча каражаты каралган.Идиш-аяк айыл өкмөт жана ата-эне тарабынан камсыздалган.Курулуш иштери боюнча мектептин администрациясынын коштоосунда мектеп коллективинин салымы зор.
2020-2021-окуу жылында Мерсико тарабынан
мектептин дааратканасы авариялык абалда болгондуктан,1 402 307 суммасына жаңы даараткана курулуп берилген.Жаңы курулган даараткана 6 очколуу.Даараткана 2021-жылы ишке берилди.
2021-2022- окуу жылында айыл өкмөт тарабынан 218 000 сомго мектептин короосуна арка,жаңы дарбаза салынган.
2022-2023-окуу жылында мектеп директорунун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусунун негизинде 5 компьютер менен камсыздандырылды.
Айыл жаштарынын демилгеси менен 105 000 сомго мектеп ичиндеги электр зымдары жана ашканадагы электр плитасынын жана нан бышыруучу шкафтын ремонт иштери жүргузүлдү.
Айыл өкмөт тарабынан 69 000 сомго мектептин от жагуучу меши алмаштырылды.Окуучуларга спорттук формалар берилди.
Айыл тургундарынын демөөрчүлөрү тарабынан жаңы мектеп ПСДти азыркы этапта даярдалууда.
Айыл жаштар тарабынан жашылдандыруу боюнча 20 түп карагай (сосна) отургузулду.
Ата-эне тарабынан 11 740 сомго окуучуларга костюмдарга (кыргыз,өзбек кийими,жол кыймылынын жаш жардамчысынын кийими) кездемелер сатылып берилип,тигилип даярдалууда.
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасы
Мектептин бюджеттик чыгашаларынын сметасын пландоо
Мектептин эмгек акы фонду боюнча чыгашаларын пландоо
Мектеп окуучуларынын тамактануусуна чыгашаларды пландоо
Мектептин калган чыгашаларын (командировкалык, окуу чыгымдары, утурумдук ремонт) пландоо
Жергиликтүү бюджет
Мектеп бюджети (Көзөмөлчүлүк кенеш)
Долбоорлорду жазуу, катышуу;
Сметаларды түзүү;
Демөөрчүлөрдү тартуу;
Көзөмөлчүлүк кенештин отурумдары, протоколдору;
Сметаларды түзүү;
Бюджеттик угууларды уюштуруу
Түшкөн жана сарпталган каражаттар боюнча квартал сайын мектептин жалпы чогулушунда каралат;
Тиешелүү стенддерди түзүү,
Бюджеттик каражаттарды чыгашалоо актыларышы.
Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу
Долбоорлорду жазуу, катышуу;Кайрылууларды жазуу;Коомчулукту тартуу;
Мектептин өнүгүү планын түзүү;Мониторинг жүргүзүү;Муктаждыктарды аныктоо;
Бюджеттик угууларга катышуу жана көйгөйлөрдү сунуштоо;
Мектептин чыгашалары боюнча сметаларды түзүү;Отчет берүү
Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу.