Элина Абай кызы

Директор

Элина Абай кызы буга чейин мектепти жетектеп келген Өмүрбек Бейшенбиев ардактуу эс алууга узагандан кийин анын ордуна кызматка келди.

Элина Абай кызы 1985-жылдын 9-апрелинде Кочкор районунун Шамшы айылында туулган. 2002-2007-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы технология институту факультетин аяктаган. Эмгек жолун 2006-2007-жылдары Бишкек шаарындагы «KG» интернет клубунда иштөө менен баштаган. 2007-жылдан ушул убакка чейин Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында информатика мугалими болуп иштеп келген.

Ал учурда үй-бүлөлүү, 1 кыздын апасы.